Владимир Зеленский элге кайрылып сөз сүйлөдү
Украинанын президенти Владимир Зеленский өлкөсүнө кол салган Россиянын орус коомчулугунун акыркы 25 жылда жетишкендиктеринин баарын жок кылып 90 - жылдарга кайтарын белгиледи.
Украинанын президенти Владимир Зеленский өлкөсүнө кол салган Россиянын орус коомчулугунун акыркы 25 жылда жетишкендиктеринин баарын жок кылып 90 - жылдарга кайтарын белгиледи.
Зеленский улутка кайрылуу сөзүндө Россиянын 23 күндөн бери Украинага кол салып жаткандыгын эске салды.
Орустардын Украинага каршы согушта өздөрүнүн улуттук байлыгын коротууну токтотпогондугун белгилеген Зеленский : «Россия бизге кол салуу менен орус коомчулугунун акыркы 25 жылдагы жетишкендиктерин жок кылып жатат. Бир убактар жогорулоого өткөн жерге, 90 - жылдарга кайтып келишерине ишенем. Мындан ары эркиндиктери жана миллиондогон адамдын мамлекеттин өнүгүшү үчүн эмгектенүү каалоосу болбойт»,- деди.
Владимир Зеленский : «Украина баарын калыбына келтирип, Европа Биримдигинин толук кандуу мүчөсү болот. Бул үчүн биздин мамлекеттин өкүлдөрү 7 күн 24 саат иштеп жатышат»,- деди.
Орус армиясынын Украинанын шаарларына сокку урууну улантып жаткандыгын эске салган Зеленсий өнүккөн куралдарга ээ болбогонуна карабастан колдорунан келишинче орус ракеталарын атып жана учак жана тик учактарды жардырышкандарын билдирди.
Украинанын лидери : «Эч шексиз колубуздан келген бардык нерсени аткарууну улантабыз. Украина миңдеген адамдарыбыздын өмүрүн куткара турган курал ала албаса, батыштык лидерлерге мунун алар үчүн моралдык жеңилүү болорун, кадыр – баркынын жок болорун эскертели»,- деди.