Путин менен Шольц Украинадагы кырдаалды талкуулашты

Кремлдин жазуу түрүндөгү маалыматында, Путиндин Шольц менен телефон аркылуу сүйлөшкөнү белгиленди.

1798014
Путин менен Шольц Украинадагы кырдаалды талкуулашты

Орусиянын президенти Владимир Путин менен Германиянын канцлери Олаф Шольц Украинадагы кырдаалды талкуулашты.

Кремлдин жазуу түрүндөгү маалыматында, Путиндин Шольц менен телефон аркылуу сүйлөшкөнү белгиленди.

Сүйлөшүүдө Украинадагы кырдаалдын талкууланганы айтылган билдирүүдө: "Путин, Украина армиясынын Донецк жана Макеевка шаарларына ракеталык чабуулдарды жасаганын жана бул кол салууларда карапайым калктын каза болгонуна көңүл бурду. Батыш бул согуш кылмышын көз жаздымда калтырууда",-деген сөздөр камтылды. 

Украинада кагылышуу болуп жаткан аймактарда гуманитардык жардам коридорлорунун түзүлгөнү эске салынган билдирүүдө, Мариупол шаарынан кечээ 43 миң кишинин эвакуацияланганы белгиленди.

Ошондой эле Орусия менен Украинанын ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн да талкуулангандыгы кабарланган билдирүүдө: «Украина тарап реалдуу эмес талаптарды коюп, бул процессти акырындатты»,- делди.

Билдирүүдө орус тараптын сүйлөшүүлөрдө айтылган мамилеге ылайык чечимдерди табууга даяр экени баса белгиленди.

Орус аскерлери 24-февралда Украинага чабуул баштаган болчу.

Андан бери эки тараптын делегациялары 5 жолу сүйлөшүү үстөлүнө отурушту.



Тектеш кабарлар