Кулеба: «Орусия FATFтан чыгарылышы керек»
Кулеба Твиттердеги баракчасынан билдирүү жасады.
1797772
Украинанын тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба, 24-февралда Украинада согушту баштаган Орусия Федерациясынын, Финансылык иш-аракет тобунан (FATF) чыгарылышы керектигин билдирди.
Кулеба Твиттердеги билдирүүсүндө, 1989-жылы G-7 өлкөлөрү (дүйнөнүн эң өнүккөн жети экономикасы) тарабынан түзүлгөн, акчаны адалдоонун алдын алуу боюнча каржылык жумушчу топтун кара тизмесине Орусияны киргизүү керектигин жактап, мындай деди:
"Орусия Украинада барган сайын жапайы мыкаачылыктарды жасап жаткандыктан, аны бардык жарандык уюмдардан жана платформалардан чыгаруу керек. Биз бардык FATF өлкөлөрүн Орусияны консорциумдан чыгарып, FATFтын кара тизмесине тез арада киргизүүгө чакырабыз".