Орусиянын Украинага кол салуулары, көз жумган балдар, туткун айырбаштоо...

Украинанын Өзгөчө кырдаалдар боюнча мамлекеттик кызматынын билдирүүсүндө, Чернигов шаарында издөө-куткаруу топторунун 7 жолу өрттү өчүрүүгө жана 4 жолу имараттардагы урандыларды чыгарууга катышканы белгиленди.

1797043
Орусиянын Украинага кол салуулары, көз жумган балдар, туткун айырбаштоо...
ukrayna siviller tahliye.jpg
ukrayna.jpeg
Ukrayna'daki son durum uyduda (20).jpg
Ukrayna'daki son durum uyduda (27).jpg

Орус армиясы Украинанын борбор шаары Киев, Чернигов, Харьков, Мариуполь сыяктуу жарандык структураларга түнү бою кол салууларды улантты.

Чернигов губернатору Вячеслав Чаус шаар орустар тарабынан тынымсыз бомбаланып жатканын билдирди.

Чаус орус күчтөрүнүн жарандык инфраструктураларды бутага алганын жана акыркы 24 саатта 53 жарандын каза болгонун белгиледи.

Орусия 24-февралда кол сала баштаган Украинанын Чернигов шаарында бомбаланган жатакананын урандыларынан үчү бала болгон 5 кишинин сөөгү табылды.

Украинанын Өзгөчө кырдаалдар боюнча мамлекеттик кызматынын билдирүүсүндө, Чернигов шаарында издөө-куткаруу топторунун 7 жолу өрттү өчүрүүгө жана 4 жолу имараттардагы урандыларды чыгарууга катышканы белгиленди.

Билдирүүдө, топтордун орус армиясынын бомбалоосунан кийин бир жатакананын урандыларын чыгаруу иштерин жүргүзүп жатканда 3ү бала болгон 5 кишинин сөөгү табылганы белгиленди.

Орус армиясы кечээ Черниговдо нан үчүн кезекте турган жарандарга ок атканда, жергиликтүү басма сөз бул кол салууда кеминде 10 жарандын өмүрү кыйылганын билдирген.

Баш калаа Киевде орустар тарабынан уюштурулган кол салууларда бир турак үйгө ракета тийип, эң аз 1 киши каза болуп, 3 киши жараланды, 30га жакын киши эвакуацияланды.

Харьковдогу Мерефа шаарындагы билим берүү мекемесине ракета тийди. Окуяда адам өмүрүнө зыян келген жок, бирок жарылуудан улам имаратта өрт чыкты.

Украинанын Башкы штабы орус армиясынын Мариуполь аймагындагы согуштан качкан жарандарды эвакуациялоо кербенине ок чыгарганын билдирди.

Башкы штабдын билдирүүсүндө орус армиясынын кечээ күндүзгү сааттарда Мариуполдогу согуштан качкан Запорожье аймагына бара жаткан эвакуация конвойуна көп стволдуу ракета аткычтар системасынан ок чыгарганы белгиленди.

Алгачкы аныктамаларга караганда кол салууда каза болгондордун жана жаралангандардын бар экени маалымдалган билдирүүдө каза болгондордун арасында балдардын да бар экени белгиленди.

Мариуполь шаардык кеңеши да орус учактары шаардагы жүздөгөн жайкын тургундар жашынган театр имаратын бомбалаганын билдирди.

Мариуполь губернаторунун орун басары Сергей Орлов шаарда ок тийбеген имараттар дээрлик жокко эсе экенин билдирди.

Бомбалоодо үйлөрдүн 90 пайызга жакынынын бутага алынганын белгилеген Орлов имараттардын же толугу менен кыйраганын же зыянга учураганын белгиледи.

Ал арада 11-мартта орус армиясы тарабынан барымтага алынган Мелитополь шаарынын мэри Иван Федоров бошотулганы белгилүү болду.

Президенттик аппараттын басма сөз катчысы Дарья Заривная жергиликтүү телеканалда сүйлөгөн сөзүндө Мелитополь мэри Иван Федоровдун согушта туткунга алынган 9 орус аскери менен айырбашталганы билдирди.

Дүйнөлүк Саламаттык сактоо Уюму да Украинада ушул убакка чейин медицина кызматкерлерине жана алардын имараттарына 43 кол салуу болгонун жарыялады.



Тектеш кабарлар