Жо Байден Украинага 13,6 миллиард долларлык жардам көрсөтүү долбоорун жактырды

Байден аталган фонд менен Украина менен катар согуштан жабыркаган коңшу өлкөлөргө да жардам берилерин баса белгиледи.

1796172
Жо Байден Украинага 13,6 миллиард долларлык жардам көрсөтүү долбоорун жактырды

Америка Кошмо Штаттарынын президенти Жо Байден Россия менен согушуп жаткан Украинага 13,6 миллиард доллар жардам көрсөтүүнү камтыган бюджет долбоорун жактырды.

Жо Байден АКШ Сенаты менен Өкүлдөр палатасындагы республикачылардын да, демократтардын да колдоосу менен мурда кабыл алынган мыйзам долбооруна Ак үйдө өткөргөн азем менен кол койду.

Байден аталган фонд менен Украина менен катар согуштан жабыркаган коңшу өлкөлөргө да жардам берилерин баса белгиледи.

Байден өткөн жылы Украинага 1,2 миллиард долларлык коргонуу жардамын бергенин айтып : "Бул согуш 3 миллионго жакын украиналыкты качкынга айлантты жана алардын саны күндөн - күнгө көбөйүүдө. Учурда 12 миллион адам гуманитардык жардамга муктаж. Биз бүткүл дүйнөнү гуманитардык жардам берүү үчүн аракетке өткөрүүдөбүз",- деди.

Жо Байден кол койгон жаңы мыйзам долбоору менен Украинага коргонуу жана гуманитардык жардам менен  миллиарддаган доллар жардам бере тургандарын баса белгиледи.

«Бул жардамдар менен Россиянын президенти Владимир Путиндин Украина жана аймак калкына жасаган согушунун жарааттарын айыктырууга аракет кылабыз»,-деди Байден.

Украинага 13,6 миллиард долларлык жардам пакетинин алкагында бул өлкөгө аскердик жардам көрсөтүү жана чет өлкөгө качууга аргасыз болгон украиналык качкындарга колдоо көрсөтүү боюнча беренелер бар.



Тектеш кабарлар