Мирзоян: "Армян эли Түркия менен мамиленин нормалдашуусун каалайт"
Мирзоян Түркия менен Армениянын ортосундагы нормалдашуу процессине байланыштуу билдирүү жасады.
Армениянын тышкы иштер министри Арарат Мирзоян армян элинин Түркия менен алакалардын нормалдашуусун каалаганын билдирди.
Мирзоян Түркия менен Армениянын ортосундагы нормалдашуу процессине байланыштуу билдирүү жасады.
Өлкөсүнүн Түркия менен дипломатиялык алака түзүүгө жана чек араларды ачууга даяр экенин баса белгилеген Мирзоян, чек аралардын ачылышынын соода-экономикалык карым-катнаштарга, элдердин ортосундагы карым-катнаштарга жана аймактын жалпы ырааттуулугуна оң таасирин тийгизерин айтты.
Арарат Мирзоян, армян элинин нормалдашуу процессине карата мамилеси жөнүндө: «Жалпысынан армян эли Түркия менен мамиленин нормалдашуусун каалайт. Бул абал коомдук пикирди сурамжылоолорго да чагылууда»,- деди.
Тектеш кабарлар
Газада уранды астында 10 миңден ашуун киши дайынсыз жоголду
Газадагы жарандык коргонуу директорлугунан темага байланыштуу жазуу түрүндө мсаалымат берилди.