Украинага Орусиянын кол салуулары...

Украинанын өзгөчө кырдаалдар кызматынын билдирүүсүнө караганда, орустар бүгүн уюштурган кол салуулар учурунда Киевдин Подольский районундагы 10 кабаттуу турак үйгө замбирек огу тийген.

1795589
Украинага Орусиянын кол салуулары...
kiev saldırı
kiev saldırı
ukrayna okul saldiri.jpg

Украинада орустар кол салган Зелений Гай айылындагы мектептин урандыларынан 3 адам куткарылса, 7 адамдын сөөгү табылды.

Николаев облусунун Өзгөчө кырдаалдар кызматынын Фейсбук баракчасында жарыяланган билдирүүдө 13-мартта орусиялыктар аймактын Зелений Гай айылындагы мектепке абадан чабуул жасаганы эскертилди.

Кол салуудан улам мектеп имаратынын чоң зыянга учураганы жана куткаруу топторунун урандыларды чыгаруу иштерин эми гана бүтүрө алганы белгиленди.

Билдирүүдө, «Куткаруу топтору урандылардын астындагы 7 кишинин жансыз денесине жетип, 3 кишини аман куткарды»,делди.

Борбор шаар Киевде да Орусиянын кол салууларында бир батирге артиллериялык снаряд тийип, эки адам каза болду.

Украинанын өзгөчө кырдаалдар кызматынын билдирүүсүнө караганда, орус аскерлеринин борбор калаа Киевде эртең менен болгон кол салуусунда Святошинский районундагы 16 кабаттуу турак үйгө замбирек огу тийген.

Кол салуудан көп кабаттуу үй толугу менен күйүп, 2 адам каза болгон. Чоң зыянга учураган имараттан 27 адам куткарылды.

Бүгүн болгон кол салуулар учурунда Киевдин Подольский районундагы 10 кабаттуу үйгө замбирек огу тийген.

Кол салуудан улам батирден өрт чыккан. Өрт өчүрүүчүлөр катуу зыянга учураган батирден бир адамды куткарып калышты.

Ал арада Киев мамлекеттик администрациясынын социалдык медиа эсептеринде жарыяланган жарыяда «Борбордо сиреналар жаңырды. Биз бардыгынын дароо баш калкалоочу жайларга барышын талап кылабыз»,делди.

Эртең мененки сааттарда баш калаа Киевдин ар кайсы аймактарында үч жарылуунун үнү угулганы кабарланды.

Украинанын вице-премьер-министри Ирина Верещук бүгүн карапайым калкты эвакуациялоо үчүн 9 гуманитардык коридор түзүүгө макулдук берилгенин билдирди.

Верещук, Донецк аймагындагы Бердянск шаарынан ондогон тонна суу, дары-дармек жана азык-түлүктөн турган гуманитардык жардам жүгүнүн жогоруда айтылган коридорлор аркылуу Мариуполго жеткирилерин белгиледи.

Гуманитардык жардам унааларынын кайтып келе жатканда аялдар менен балдарды Мариуполдон Запорожье шаарына эвакуациялай турганын билдирген Ирина Верещук, айрыкча Киев аймагындагы көптөгөн айылдардан жарандардын коопсуз аймактарга жеткириле турганын да белгиледи.

Бир тараптан Украинанын Башкы штабы Украинага кол салган орус армиясынын 24-февралдан 15-мартка чейин 13 миң 500дөн ашуун аскерин жоготконун жарыялады.

Орустарга таандык 81 учак, 95 тик учак, 404 танк, 1279 бронетранспортер, 150 мылтык, 64 ракета аткычтар жана 36 абадан коргонуу системасы жок кылынса, орусиялык күчтөр 640 унаа, 3 ылдам жүрүүчү жеңил катер, 60 күйүүчү май ташуучу унаа жана 9  учкучсуз учуучу аппараттарынан да ажырады.

Орус аскерлери 24-февралда Украинага чабуул кое баштаган.



Тектеш кабарлар