Россиянын Украинага кол салуулары, чет элдик жалданма аскерлер

Россиянын коргоо министрлигинин катчысы Игорь Конашенков айрым батыштык өлкөлөрдүн  Украинага чет элдик жалданма аскер жибергендигин айтты.

1795581
Россиянын Украинага кол салуулары, чет элдик жалданма аскерлер

Россиянын коргоо министрлигинин катчысы Игорь Конашенков айрым батыштык өлкөлөрдүн  Украинага чет элдик жалданма аскер жибергендигин белгилеп : «Алардын турган жерлерин билебиз, ошол жерлерге чабуул жасайбыз»,- деди.

Конашенков борбор шаар Москвада өлкөсү жана Украинанын ортосундагы согушка байланыштуу маалымат берди.

Орус армиясы менен Донбасстагы жикчил башкаруулардын Украинада алдыга жылууну уланткандыгын айткан Конашенков : «Украинанын 145 учкучсуз учуучу аппараты, 1298 танк жана ар кандай бронетехника, 124 көп стволдуу ракета аткычтар, 469 гаубица жана минометтор, 1047 атайын аскердик техника жок кылынды",- деди.

Украинанын Донецк шаарына кассеталык бомбалар менен кол салганын билдирген Конашенков, Украинанын коргонуу өнөр жай ишканаларын жок кыла тургандарын айтып : «Бул ишканаларда иштеген жана ишканалардын айланасындагы үйлөрдө жашагандарды коркунучтуу аймактардан чыгып кетүүгө чакырабыз»,- деди.

Украинада чет элдик жалданма аскерлердин бар экенин белгилеген Конашенков: "Кээ бир Батыш өлкөлөрү өз жарандарын Украинага мамлекеттик деңгээлде жалданма катары барууга үндөп жатышат. Келечекте бул чет элдик жарандардын өлүмү үчүн өз өлкөлөрү жооп берет. Биз бардык чет элдик жалданма аскерлердин Украинада кайда экенин билебиз. Биз ошол жерлерге чабуул жасайбыз",- деп билдирди.

Ошол эле учурда Россиянын президенти Владимир Путин Жакынкы Чыгыштан бара турган жана Россия тарабында орун ала турган «ыктыярдуу аскерлердин» Украинадагы кагылышуу болгон аймактарга жеткирилери боюнча буйрук берген.

Россиянын Коргоо министрлигинин Улуттук көзөмөлдөө борборунун башчысы Михаил  Мизинцев Украинанын Мариуполь шаарынын айланасындагы отурукташуу жерлеринде Украина күчтөрүнүн жок кылынгандыгын жана эвакуациялар үчүн шаарга автобустардын баргандыгын жарыялады. 

Мизинцев өзгөчө украиналык куралдуу күчтөрдүн жалпы өлкөдө 22 башка өлкөдөн 6 миң 972 чет элдикти барымтага алгандыгын айтты. 

 

 

 

 



Тектеш кабарлар