Орусия Тажикстанда машыгуу өткөрүүдө

Машыгууга 1000ден ашуун аскер жана тик учактар ​​менен бирге 300гө жакын аскердик унаа катышууда.

1795448
Орусия Тажикстанда машыгуу өткөрүүдө

Орусия Тажикстандагы аскердик базасында машыгууларды баштады.

Орусиянын Борбордук аскер округунун командирлигинен берилген маалыматка караганда, базанын полигонунда башталган машыгууга 1000ден ашуун аскер жана тик учактар ​​менен бирге 300гө жакын аскердик унаа катышууда.

Үч этап менен өтө турган машыгуунун биринчи этабында аскерлер мыйзамсыз куралдуу топторду аныктап аларды жок кылуу операциясынын үстүндө иштешет. Машыгуунун алкагында диверсиялык-чалгындоочу топтордун чабуулунун мизин кайтаруу жана душманга каршы күрөшүү жөндөмдөрү өнүктүрүлөт.

18-мартка чейин улана турган машыгуунун жыйынтыктоочу этабында жоокерлердин күжүрмөн жана коргонуу маневрлери, тактикалык аракети, чалгындоо жана чабуул жасоо ыкмалары каралат.

Тажикстандын Душанбе жана Бохтар шаарларында жайгашкан, 7 миңден ашуун орус аскери жайгашкан аскердик база эки өлкөнүн ортосундагы келишимге ылайык 2042-жылга чейин иштейт.



Тектеш кабарлар