Британия: «Орусия Херсондо да референдум өткөрүүнү пландап жатат»
Бул тууралуу Улуу Британиянын Коргоо министрлигинин билдирүүсүндө жарыяланган.
Орусиянын Украинанын Херсон облусунда мурда Крым, Луганск жана Донецкте болгону сыяктуу референдум өткөрүүнү пландап жатканы айтылды.
Улуу Британиянын Коргоо министрлигинин билдирүүсүндө,« Орусия басып алган Херсон, Мелитополь жана Бердянск шаарларында бир нече күндүн ичинде көптөгөн нааразылык акциялары өттү. Отчеттор Орусия Херсондо аймакты Донецк, Луганск жана Крымга окшош (болжолдуу) сепаратисттик республика катары мыйзамдаштыруу үчүн плебисцит өткөрүүнү пландап жатканын көрсөтүүдө. Орус күчтөрү тынч демонстранттарды таратуу үчүн эскертүүчү ок чыгарганы билдирилди»,делди.
Билдирүүдө Украинанын Мелитополь шаарынын мэрин уурдап кеткенден кийин Орусия өзүнүн мэрин дайындаганы айтылып,«Орусия Мелитополь шаарынын мэрин 11-мартта, жума күнү дайындады. Кийинчерээк Днепрудне шаарынын мэрин да орус аскерлери барымтага алганы кабарланды. Орусия Украинаны саясий көзөмөлгө алууга аракет кылып жаткандыктан, украин демократиясын бузууга дагы көп аракеттерди жасайт окшойт»,деген сөздөр орун алды.
Орус аскерлери 24-февралда Украинага чабуул кое баштаган.
Тектеш кабарлар
АКШдан Украинага 2 миллиард долларлык жардам
Украинага барган Блинкен Киевди колдоо боюнча комментарий берди.
Газада каза болгондордун саны 35 миң 233кө жетти
Израилдин Газа тилкесине 222 күндөн бери улантып жаткан кол салуулары тууралуу маалымат берилди.