Зеленксий Мелитополь мэринин уурдалгандыгын билдирди

Украинанын президенти Владимир Зеленский Мелитополь мэринин орусиялык күчтөр тарабынан уурдалышы “демократияга каршы кылмыш” экендигин айтты.

1794263
Зеленксий Мелитополь мэринин уурдалгандыгын билдирди

Украинанын президенти Владимир Зеленский Мелитополь мэринин орусиялык күчтөр тарабынан уурдалышы “демократияга каршы кылмыш” экендигин айтты.

Зеленский Telegram аркылуу жарыялаган видео билдирүүсүндө Россиянын Украинага карата баштаган согуш процесси тууралуу маалымат берди. Орус аскердик күчүнүн Мелитополь мэри Иван Федоровду уурдагандыгына көңүлдөрдү бурган Зеленский : "Мелитополь шаарынын мэрин уурдап кетүү - бул шаарга жана Украинанын элине гана эмес, демократияга каршы жасалган кылмыш. Бул тууралуу демократиялык өлкөлөрдө жашаган элдин 100 пайызынын муну билерине ишенем",- деди.

Россиянын аракеттерин ДЕАШ террордук уюмдун аракеттери менен салыштырган Зеленский : «Украинанын баары, Херсон, Бердянск жана башка шаарларда болгондой Мелитополдун да  баскынчыларга баныгбагандыгын көрдү»,- деди.

Украинадагы жарандарды коопсуз аймактарга эвакуациялоо процессине токтолгон Зеленский орус бөлүктөрүнүн гуманитардык жардам коридорлорунун иштешине тоскоол болгондугун белгилеп : «Ушуга карабастан бүгүн Энеходар, Буча, Гостомель жана Козаровичи шаарларында 7 миң 144 адам куткарылды. Бул эртең, андан кийинки күнү украиналыктардын курчоого алынган жерлерден эвакуациясын уюштуруу үчүн бир себеп. Муну аткарабыз»,- деди.

Украинанын шаарларына гуманитардык жардам жеткирүү аракетин уланта тургандарын баса белгилеген Зеленский Мариуполдун орус армиясы тарабынан курчоого алынганына көңүлдөрдү буруп : «Мариуполго гуманитардык жардам жеткирүүгө орустар уруксат берген жок жана шаардын тургундарын кыйноону улантууда», - деди.

Украинада каза болгон орус аскер саны 12 миңден ашканын белгилеген Зеленский миңдеген аскердин да туткунга түшкөнүн айтты.

Бул аскерлердин энелерине кайрылган Зеленский : «Өз балдарыңарды чет жерде согушууга жибербегиле. Балдарыңардын машыгууга жиберилгенине ишенбегиле. Украина бул согушту каалаган жок бирок өзүн коргойт»,- деген сөздөрдү айтты.

Зеленский  орус жарандарына «өлкөлөрүндөгү пропагандага ишенбестен, туура маалыматтарды алууну» сунуш кылды.

Украинанын президенти Зеленский  жарыялаган видеодо : "Россия Укрианада абдан чоң жоготууга учурады. Бул орус армиясына акыркы он жылдан берки чоң сокку. Согуш башталгандан бери  душмандын 31 батальондук-тактикалык тобу таасирсиз абалга келтирилди",- деди. 

"Душман Киевге баарыбызды жок кылганда гана кире алат",- деди Зеленский.

 

 



Тектеш кабарлар