Зеленский: "Химиялык дооматтар жалган"

Зеленский армия химиялык чабуулга даярданууда деген айыптоолорду четке какты.

1793604
Зеленский: "Химиялык дооматтар жалган"

Украинанын президенти Владимир Зеленский, армия химиялык чабуулга даярданууда деген айыптоолорду четке какты.

Telegram-каналында жарыялаган видео кайрылуусунда "Орусия Украинада жасаган кылмыштарын пропаганда менен жаап-жашырууга аракет кылууда" деген Владимир Зеленский: "Эгер Орусиянын пландары тууралуу билгиң келсе, анда ал башкаларды эмнеге айыптап жатканын карап көр. Биз буга бир канча жолу күбө болду",-деп билдирди.

9-мартта Орусиянын Коргоо министрлигинин басма сөз катчысы Игорь Конашенков, украин армиясы чагымчыл аракеттерди жасоого даярданып жатканын жана бул максатта Харьков шаарынын жанына 80 тонна аммиак алып келгенин кабарлаган эле. 

Бир тараптан Украинанын лидери, акыркы эки күндө орус армиясы менен согуш уланган шаарлардан 100 миңге жакын кишинин эвакуацияланганын айтты.

Аймактарга гуманитардык жардамдарды жеткиргендерин белгилеген Зеленский, Мариуполь жана Вольноваха шаарларынын болосо толугу менен тосулганын билдирди. Зеленский: "Орус аскерлери ок атууну улантып жатканына карабастан Мариуполго тамак-аш жана дары-дармектерди ташыган унаалардан турган конвой жөнөтүүнү тапшырдым. Бирок баскынчылар Мариупольдун жашоочулары үчүн өтө маанилүү болгон коридорго танктар менен аткылашты жана алар муну атайын жасашты. Бул террор болуп саналат»,-деди.



Тектеш кабарлар