Канада Украинадан “мүмкүн болушунча көп” качкынды кабыл алат

Трюдо Польшага сапарынын алкагында Украинадагы кырдаалга баа берди.

1793867
Канада Украинадан “мүмкүн болушунча көп” качкынды кабыл алат

Канаданын премьер-министри Жастин Трюдо Украинадан «мүмкүн болушунча көп» качкынды кабыл ала тургандарын билдирди.

Трюдо Польшага сапарынын алкагында Украинадагы кырдаалга баа берди.

Миллиондогон адамдын бардык нерсесин таштап Украинадан качканын көрүүнүн өзүн капа кылганын баса белгилеген Трюдо, Канаданын бул адамдарга жардам бере турганын жана буга даяр экенин белгиледи.

Трюдо Польшада президент Анджей Дуда жана премьер-министр Матеуш Моравецки менен өткөргөн жолугушуусунда, бул өлкөнүн Украинага колдоосун жана качкындарга эшигин ачуусун кубаттаганын билдирди.

Украиналык качкындардын өлкөгө тез кабыл алынышы үчүн иммиграция процедураларынын чукул түрдө өзгөртүлгөнүнө көңүл буруп: "Биз (украиндерге) келгенден кийин иштеп, окуусуна уруксат беребиз",- деди.

Трюдо Украинадагы жаңжал аяктагандан кийин өз өлкөсүнө кайтууну каалабагандар бул жерде кала аларын белгиледи.

Жестин Трюдо өз мекенин коргогон украин элинин күчтүү жана чечкиндүү каршылыгына көңүлдөрдү буруп, Путиндин чоң жаңылыштык кылганын жана согушта жеңиле турганын айтты.



Тектеш кабарлар