Германия, Франция жана Польшанын ички иштер министрлери украиналык качкындарга барышты

Фаезер Украинадан келгендерге жакшы мамиле кылганы үчүн Польша өкмөтүнө абдан ыраазы экенин белгиледи.

1793559
Германия, Франция жана Польшанын ички иштер министрлери украиналык качкындарга барышты

Германия, Франция жана Польшанын ички иштер министрлери Нэнси Фазер, Жеральд Дарманин жана Мариуш Камински Польшанын Украина менен чек арасында жайгашкан качкындарды чогултуу борборуна барышты.

Корчжовадагы качкындарды кабыл алуу борборуна барган министрлердин бири Фаезер, Твиттерде украиналык качкындарга жардам берүүнүн Европанын милдети экенин айтты.

"Европада ушунча азап чегип качып жаткан адамдардын алдында баарыбыз милдеттүүбүз. Эми коңшу өлкөлөргө колдоо көрсөтүүнү тез арада уюштурушубуз керек. Германия Польшага  жардамын улантат. Мисалы, качкындарды кабыл алуу жана логистика боюнча",- деди.

Фаезер Украинадан келгендерге жакшы мамиле кылганы үчүн Польша өкмөтүнө абдан ыраазы экенин белгиледи.



Тектеш кабарлар