Дүйнөлүк Экономикалык Форуму Россия менен карым - катнаштарын токтотту
Владимир Путинге форумдун бардык иш - чараларына катышууга тыюу салынганы белгиленди.
Ишкерлер менен саясатчыларды жолугуштурган Дүйнөлүк Экономикалык Форуму Украинага кол салууларынан улам Россия менен болгон бардык карым - катнаштарын токтотуу чечимин чыгарды.
Борбору Швейцария болгон Дүйнөлүк Экономикалык Форумунун билдирүүсүндө, кабыл алынган чечим менен Россиянын президенти Владимир Путинге форумдун бардык иш - чараларына катышууга тыюу салынганы белгиленди.
Бир тараптан форум Россия менен Украинанын ортосундагы кагылышуулар аяктай турган болсо, тараптардын ортосунда ортомчулук ролун аткара аларын баса белгиледи.
Дүйнөлүк Экономикалык Форумунун катчысы Аманда Руссо : "Санкцияга учураган эч ким менен карым - катнашта болбойбуз жана орус мекемелери менен карым - катнаштарыбызды тоңдурдук",- деди.
Путин жана Россиянын мурдагы премьер - министри Дмитрий Медведев 2007 - жылдан 2021 - жылга чейин Дүйнөлүк Экономикалык Форумунун саммитине 5 жолу катышкан.