НАТО өлкөлөрүнүн коргоо министрлери кезексиз жыйынга чогулат

Жыйынга НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг төрагалык кылат.

1792309
НАТО өлкөлөрүнүн коргоо министрлери кезексиз жыйынга чогулат

НАТО өлкөлөрүнүн коргоо министрлери келерки аптада Орусиянын Украинага кол салуусунан улам болгон окуяларга баа берүү үчүн кезексиз жыйын өткөрүшөт.

НАТОнун коргоо министрлеринин жыйыны 16-мартта телеконференция аркылуу өтөт.

Жыйынга НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг төрагалык кылат.

Орусиянын Украина чек арасына ноябрь айынан бери куралдуу күчтөрүн жайгаштырышынан улам Батыш өлкөлөрү менен Москванын ортосундагы чыңалуунун күчөшү жана андан кийин Орусиянын Украинага кол салуусунун себебинен НАТО акыркы жумаларда ар түрдүү деңгээлдеги жыйындарды өткөргөн болчу.

16-17-февралда НАТОнун штаб-квартирасында өткөн НАТОнун коргоо министрлеринин жыйынынан кийин 25-февралда видеоконференция аркылуу НАТОнун лидерлеринин саммити болгон.

Акыркы жолу 4-мартта НАТО өлкөлөрүнүн тышкы иштер министрлери Бельгиянын борбору Брюсселдеги штаб-квартирасына чогулушкан.



Тектеш кабарлар