Зеленский жетерлик колдоо көрсөтпөгөн батышты сынга алды

Зеленский улутка кайрылуусунда 13 күндөн бери күрөшүп жаткандарын жана баскынчыларды колдорунан келишинче  жок кылышкандарын белгиледи.

1791943
Зеленский жетерлик колдоо көрсөтпөгөн батышты сынга алды

Украинанын президенти Владимир Зеленский "өлкөсүнө жетеринче колдоо көрсөтпөгөн" Батышты сынга алды. 

Зеленский улутка кайрылуусунда 13 күндөн бери күрөшүп жаткандарын жана баскынчыларды колдорунан келишинче  жок кылышкандарын белгиледи. 

Украинанын аба мейкиндигинде жүздөгөн орус учактары менен тик учактардын учуп жатканын эске салган Зеленский : "Аларды да жок кылуудабыз. Россия акыркы 30 жылда бул 13 күндө Украинада болгондой көп учак жоготкон жок. Бирок жетеринче өлүм машиналары бар. Террор үчүн жетеринче ракеталары бар. Адамдардын үстүнө таштоо үчүн 500 килограммдык бомбалары бар",- деди. 

Зеленский 13 күндөн бери өздөрүнө абадан колдоо,  учактардын берилери тууралуу убада кылынгандыгын айтып, буларды белгиледи : "Украинада абадан кол салууларда жана блокада астындагы шаарларда ар бир адамдын өлүмүнөн Россия мамлекети жана армиясы жооптуу. Күнөө согуштун бардык эрежелерин бузган, адамдарды атайылап жок кылган баскынчыларда, бирок  Батыштын кайсы бир жерлеринде,  кеңселеринде отуруп 13 күндөн бери  Украинанын аба мейкиндигин коргоо чечимин чыгара албагандар да жооптуу",- деди. 

Украинанын президенти  24 - февралда Россиянын Украинага карата  чабуулу башталгандан бери биринчи жолу президенттик аппараттан коомчулукка кайрылуу жасап : "Киевдемин. Жашынган жокмун, эч кимден коркпоймун",- деди. 

Өздөрүн жана өлкөлөрүн "баатырларча" коргогон баарына ыраазычылык билдирген Зеленский : "Душманыбыз бомбалоолор менен алып келген жек көрүүнүн шаарларыбызда кала албай тургандыгын билебиз. Мунун эч бир изи калбайт. Баарын жаңыдан курабыз. Бул жек көрүү биздики эмес, ошондуктан душмандын эч бир изи калбайт. Баскынчылар жок кылган   шаарларды, Россиядагы шаарлардан дагы жакшы абалга алып келебиз",- деди. 

 



Тектеш кабарлар