Украинадагы жоготуулар

Дюжаррик күнүмдүк пресс-брифингинде Орусиянын Украинадагы кол салууларында каза болгон жарандардын санынын 406га жеткенин, бирок мындан да көп болушу мүмкүн экенин айтты.

1791425
Украинадагы жоготуулар

Украинада 24-февралдан бери уланып жаткан Орусиянын кол салууларынан 1207 кишинин каза тапкандыгы жана жарадар болгондугу маалымдалды.

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) баш катчысы Стефан Дюжаррик күнүмдүк пресс-брифингинде Орусиянын Украинадагы кол салууларында каза болгон жарандардын санынын 406га жеткенин, бирок мындан да көп болушу мүмкүн экенин айтты.

Украинада 24-февралдан бери каза болгон жана жаралангандардын санын 1207 деп билдирген Дюжаррик, өлкөдөн чыгып кеткендердин санынын болсо 1 миллион 700 миңден ашканын белгиледи.

Активдүү кагылышуу болгон шаарлардан чыга албай калган жарандарды коопсуз эвакуациялоого чакырган катчы Дюжаррик, кол салууларда 9 оорукана, медицина кызматкерлери жана тез жардам унааларынын да жабыркаганын кабарлады. 



Тектеш кабарлар