Орусия эң көп санкцияланган өлкө болду

Орусияга киргизилген санкциялардын жалпы саны 5530дан ашты.

1791465
Орусия эң көп санкцияланган өлкө болду

Орусия дүйнөдө эң көп санкцияланган өлкө болду.

Castellum.ai глобалдык санкцияларды көзөмөлдөө базасынын маалыматына ылайык, Орусия 22-февралдан бери 2778 жаңы санкцияга кабылды.

Ушундайча Орусияга киргизилген санкциялардын жалпы саны 5530дан ашты.

Орусия бул сан менен 3616 санкция киргизилген Иранды, 2608 санкцияга дуушар болгон Сирияны жана 2077 санкция киргизилген Түндүк Кореяны артта калтырды.

Дүйнөдө эң көп санкция салынган өлкөлөрдүн тизмесинде 651 санкция менен Венесуэла, 510 санкциясы менен Мьянма жана 208 санкциясы менен Куба да орун алды.

22-февралдан тарта Орусияга эң көп санкция салган өлкө 568 санкция менен Швейцария болду. Швейцариядан кийин 518 санкция менен Европа Биримдиги (ЕБ), 512 санкция менен Франция, 454 санкция менен Канада жана 413 санкция менен Австралия турат. Ошол күндөн бери АКШ Орусияга каршы 243 санкция киргизген.

21-февралда Орусиянын президенти Владимир Путин Украинанын чыгышындагы орусиячыл жикчилдердин бийлигин тааныган жарлыкка кол койгон.

Путиндин чечимине жооп катары Батыш өлкөлөрү 22-февралдан тарта Орусияга каршы алгачкы санкцияларын жарыялай башташкан.

24-февралда Путин Украинанын чыгышындагы Донбасста атайын аскердик операция баштаганын жарыялаган.

Украинага кол салуунун расмий башталышы менен Батыш өлкөлөрү Орусияны оор экономикалык чыгымга учуратуу үчүн өзгөчө каржы, энергетика жана транспорт, соода жана жеке чектөөлөрдү камтыган көп сандагы санкцияларды ишке киргизген.



Тектеш кабарлар