Ливияда Хафтер күчтөрү баллистикалык ракета сынады

Ливиянын чыгышындагы куралдуу күчтөрдүн лидери Халифе Хафтерге караштуу Сулук батальонунун баллистикалык Скад ракетасын сынагандыгы билдирилди.

1791653
Ливияда Хафтер күчтөрү баллистикалык ракета сынады

Триполи борбору болгон Февраль телекөрсөтүү каналында жарыяланган видеого караганда Бенгази шаарынын түштүк - батышындагы Сулук аймагынан атылган баллистикалык ракетанын кайда түшкөнү белгисиз.

Кабарда сыноонун 24 -  февралдан бери келе жаткан Россия  -  Украина согушунан улам "үчүнчү дүйнөлүк согушу" ыктымалдары сөз болуп жаткан күндөрдө болушуна көңүл бурулду. Бир тараптан Ливияда чыккан "Марсад" гезити twitter эсебинен берген маалыматында : "Куралдуу күчтөрдүн башкы командирлигинин машыгууларын Тобрук шаарынын түштүгүнө 300 километр алыстыктагы буталарга учурган баллистикалык ракета менен аяктады",- деп билдирилди. Бул тууралуу тараптардан азырынча маалымат бериле элек. 

 

 



Тектеш кабарлар