Пентагон: "Орусия Украинага 600 ракета учурду"

Орусия согушка чейин Украина чек арасына жайгаштырган күчтөрүнүн 95 пайызын бул өлкөгө жөнөттү.

1791226
Пентагон: "Орусия Украинага 600 ракета учурду"

Орусия-Украина согушунун 12-күнүндө Пентагондун жогорку даражалуу өкүлү 24-февралдан бери Украинага орусиялык 600 ракета учурулганын билдирди.

CNN телеканалынын Пентагондун жогорку даражалуу өкүлүнүн билдирүүсүнө таянып кабарлаганына караганда, Орусия согушка чейин Украина чек арасына жайгаштырган күчтөрүнүн 95 пайызын бул өлкөгө жөнөттү.

Бир тараптан Орусия согуштун башталышынан бери Украинага 600 ракета учурду.

Орусиянын «Украинанын күчтүү каршылыгы» менен бетме-бет келгенин белгилеген АКШлык өкүл, борбор шаар Киев, Харьков, Чернигив жана Мариупольдо орус күчтөрүнүн алдыга жылууга аракет кылгандарын айтты.

Ал ошондой эле украин элинин өлкөнүн көпчүлүк аймактарында дагы деле байланыш, интернет жана медиа каражаттарына ээ экенин маалымдады. 


Этикеткалар: #Украинага 600 ракета

Тектеш кабарлар