Орусиянын жооптуу кызматкерлеринин билдирүүсү, Украинага кол салуулар, ок атышпоо...

Коргоо министрлигинин басма сөз катчысы Игорь Конашенков орус армиясы Украинадагы коргонуу объектилерине жогорку тактыктагы куралдар менен сокку урарын билдирди.

1790829
Орусиянын жооптуу кызматкерлеринин билдирүүсү, Украинага кол салуулар, ок атышпоо...
konashenkov

Орусиянын Коргоо министрлигинин басма сөз катчысы Игорь Конашенков Украинада 2 миң 396 аскерий инфраструктура объектисинин талкаланганын билдирди.

Конашенков орус армиясынын Украинада жок кылган куралдары жана инфраструктурасы тууралуу маалымат берди.

Орусиянын куралдуу күчтөрү менен Донбасстагы өзүн жикчил делген администрациялардын Украинадагы 10 отурукташкан жерди басып алганын билдирген Конашенков: «Смоляниново, Воеводовка, Кремль, Кудряшивка, Боровенки, Пурдивка, Замуливка поселоктору көзөмөлгө алынды, 6 чакырым аралыкка жылыш болду»,-деди.

Азов, Новотатаривка жана Мирне конуштарынын да алынганын белгилеген Конашенков аскердик күчтөрдүн Мариуполь шаарын көздөй жылышын улантканын айтты.

Украинадагы аскердик инфраструктура объектилерине сокку урууларын уланткандарын баса белгилеген Конашенков: «Операция башталгандан бери Украинанын 2396 аскерий инфраструктуралык объектилери жок кылынды. Алардын арасында Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн 82 командалык-коммуникациялык борбору, 119 абадан коргонуу ракеталык системасы С-300, Бук М-1, Оса жана 76 радар станциясы бар»,-деп айтты.

Конашенков Украинада 827 танк жана ар түрдүү бронетехника, 84 көп стволдуу ракета аткычтар, 304 минометтук артиллерия, 603 атайын аскердик унаа жана 78 учкучсуз учуучу аппарат (УУА) жок кылынганын билдирди.

Бүгүн саат 10:00дөн тарта убактылуу ок атышпоо жарыяланганын жана 6 гуманитардык жардам коридорунун ачылганын белгилеген Конашенков: «Коридорлор мындай: Киев-Гомель, Мариуполь-Запорожье, Мариуполь-Ростов-на-Дону, Харьков-Белгород, Суми-Белгород, Суми-Полтава»,-деди.

Конашенков орус армиясынын эвакуация учурунда аймакты учкучсуз учактар ​​менен көзөмөлдөй турганын билдирди.

Бир тараптан, Орусиянын Коргоо министрлиги Украинанын Винница шаарындагы аскердик аэропорттун алыс аралыкка атуучу куралдар менен жарактан чыгарганын билдирди.

Коргоо министрлигинин басма сөз катчысы Игорь Конашенков орус армиясы Украинадагы коргонуу объектилерине жогорку тактыктагы куралдар менен сокку урарын билдирди.

Украинанын аталган объекттердеги кагылыш болгон аймактарга жайгаштырыла турган Орусиянын кол салууларынан улам жабыркаган аскердик техникасын оңдоого аракет кылганын билдирген Конашенков, аскердик кызматкерлерди жанын коргоо үчүн атыла турган объектилерди таштап кетүүгө чакырды.

Винница шаарындагы Украинанын аскердик аэропортунун алыс аралыкка атуучу так куралдары менен жарактан чыгарылганы тууралуу маалымат бөлүшкөн Конашенков, орус учактарынын да Украина аба күчтөрүнө таандык 3 Су-27 согуштук учагын атып түшүргөнүн айтты.

Конашенков: «Украинанын согуштук аба элементтеринин дээрлик бардыгы жок кылынды»,-деп айтты.

Орус басма сөз катчысы: «Документтер биологиялык куралдын компоненттери Орусиянын аймагына жакын жайгашкан украиналык биологиялык лабораторияларда жасалганын тастыктайт»,деген маалыматты берди.

Коргоо министрлиги да украин тарап кечээ Харьков жана Суми шаарларынан жайкын тургундарды эвакуациялоодо кызматташуудан баш тартканын ырастады.

Министрликтин билдирүүсүндө Украинадан Орусияга 163 миң киши, анын ичинде 43 миңге жакыны бала эвакуацияланганы белгиленди.

Билдирүүдө Украинанын Мариуполь шаарынан жайкын тургундарды эвакуациялоонун үзгүлтүккө учурашы үчүн Киев башкаруучулугу жооптуу экени жүйө келтирилип, «Орусия гуманитардык коридор түзүү үчүн бардык шарттарды аткарды»,делди.

Билдирүүдө, гуманитардык жардам коридору аныкталганда украин аскер бөлүктөрүнүн орус аскерлеринин турумдарына ок чыгарганы белгиленип, «Украина тарап миңдеген жайкын тургундар, анын ичинде чет элдиктер кармалып турган Харьков менен Сумиде көп сандагы адамдарды эвакуациялоо боюнча кызматташууну кескин түрдө четке кагууда»,деген маалымат берилген.

Бир тараптан Орусия Украинанын Киев, Мариуполь, Харьков жана Суми шаарларынан жарандардын эвакуацияланышы үчүн Москва убактысы боюнча саат 10:00дөн тарта ок атышпоо жарыялаганын жарыялады.

Ачыла турган гуманитардык коридорлорду учкучсуз учуучу аппараттар менен коштой турганы маалымдалган билдирүүдө Бириккен Улуттар Уюмунун, Европа Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун (ЕККУ) жана Кызыл Кресттин тиешелүү бөлүмдөрүнүн кабардар болушуп иш алып бара тургандыгы белгиленди. Билдирүүдө, «Биз Украинадан көрсөтүлгөн багыттар боюнча гуманитардык коридорлорду түзүү үчүн бардык шарттарды аткарууну, жарандардын жана чет элдик жарандардын уюшкан түрдө чыгып кетишин камсыз кылууну талап кылабыз»,делген.

Орус аскерлери 24-февралда Украинага чабуул коюусун баштаган.



Тектеш кабарлар