Уоллес: «Путин Батыштын санкцияларына маани берген жок»

Уоллес Орусия-Украина согушу тууралуу телеканалга берген маегинде орусиялыктар алар күткөндөн алда канча көп жоготууга учураганын жана бул аларды Украинада тактикасын өзгөртүүгө түрткөнүн, бирок Украинанын шаарларын бомбалоо күчөйт деп чочулаганын айтты.

1788575
Уоллес: «Путин Батыштын санкцияларына маани берген жок»

Британиянын коргоо министри Бен Уоллес Орусиянын президенти Владимир Путин Батыш өлкөлөрүнүн санкцияларына маани бербегенин билдирди.

Уоллес Орусия-Украина согушу тууралуу телеканалга берген маегинде орусиялыктар алар күткөндөн алда канча көп жоготууга учураганын жана бул аларды Украинада тактикасын өзгөртүүгө түрткөнүн, бирок Украинанын шаарларын бомбалоо күчөйт деп чочулаганын айтты.

Бен Уоллес: «Бул чындык жана мен кырдаал мындан да начарлайт деп корком. Орус доктринасы барган сайын катаалдайт»,-деди.

(Украина) шаарларынын бир нече сааттын ичинде көбүн ала турганын ойлогон орус армиясынын пландарынан олуттуу артта калганын белгилеген Уоллес: «Биз бүгүн 1,4 миллион адам жашаган Харьковдо орус күчтөрүнүн кээ бир сүрөттөрүн көрдүк, мүмкүн шаардын ортосунда, бирок алар шаарды толук көзөмөлгө ала алган жок»,-деп айтты.

Министр Уоллес ошондой эле Украинанын борбор шаары Киевге жакындаган орус конвойунун да ар кандай себептерден улам токтоп калганын айтты.

Батыш өлкөлөрү жарыялаган санкциялардын Орусияга тийгизген таасири тууралуу суроого Уоллес орус экономикасынын алардан олуттуу түрдө таасирлене турганын айтып: «Ага баары бир? Албетте, ал (Путин) санкцияларга маани бербей эле»,-деп жооп берди.

Орус бийликтери менен мурунку сүйлөшүүсүнө шилтеме жасаган Уоллес мындай деди: «Орус эли меникинен (Британиялыктар) же европалыктардан көбүрөөк жапа чегиши мүмкүн, бирок алар санкциялардан зыян тарта албастыгын ачык айтышууда»,-деди.



Тектеш кабарлар