Украинага колдоо митингдери улантылууда

Германиянын борбор шаары Берлинде Россиянын Украинага кол салуусуна нааразычылык билдирилди.

1788413
Украинага колдоо митингдери улантылууда

Германиянын борбор шаары Берлинде Россиянын Украинага кол салуусуна нааразычылык билдирилди.

Кечээ премьер  - министрлик имаратынын алдында чогулган жүздөгөн киши, украиналык жана  согушка каршы кишилер «Украина менен бирге бол», «Украиналыктарды коргогула, согушту токтоткула», «НАТО аба мейкиндигин жап» жана «Украинага жардам бергиле» деп жазылган плакаттар менен жүрүштү.

Митингге чыккандар Россияга катуу санкция салынышы жана Украина эли менен аскерлерге жардам берилишин суранышты. Митинг болгон аянтка коюлган чоң экранда  Украинадагы абалды көрсөткөн видео жана фотографиялар көрсөтүлдү.

Грециянын борбор шаары Афинада да парламент имаратынын алдындагы Синтагма аянтында Украинага колдоо көрсөткөн митинг уюштурулду.

Афинада жашаган украиналыктардын чакыруусу  менен уюштурулган митингдерде  активисттер Россияга каршы плакаттарды көтөрүп чыгышты.

Грузиянын борбору Тбилисиде көчөгө чыккан жарандар Россия - Украина согушунда  Тбилиси администрациясын Украинага жетиштүү колдоо көрсөтпөгөнү үчүн айыптап, премьер - министр Ираклий Гарибашвилини кызматтан кетүүгө чакырышты.

Россиянын аймактык саясатына карышлык көрсөткөн калың эл Украинаны колдогон ураандар менен бул өлкөнүн Европа Биримдигине мүчөлүк үчүн кайрылуусун да колдошту.

Украина менен бирге Грузиянын да Россиянын басып алуу саясаттарынан таасирленген өлкө экендигин белгилеген митингчилер эки өлкөнүн дароо НАТОго мүчө болушун талап кылышты.

Бразилиянын Сан - Паулу шаарындагы Паулиста бульварында да Украинага колдоо көрсөтүү акциясы өттү. Митингчилер Россияга алып жүргөн плакаттар менен Россияга каршылык көрсөтүштү.



Тектеш кабарлар