Евробиримдик Орусиянын 7 банкын Swiftтен чыгарды

Чечимге ылайык, банктардын иштери 10 күндөн кийин токтотулат.

1788638
Евробиримдик Орусиянын 7 банкын Swiftтен чыгарды

Европа Биримдиги (ЕБ) орусиялык 7 банкты эл аралык SWIFT акча которуу системасынан чыгарууда.

Орусия-Украина согушунан улам ЕБ тарабынан даярдалган жаңы санкциялар Евробиримдиктин расмий гезитинде жарыялангандан кийин күчүнө кирди.

Ага ылайык, Банк Открити, Новикомбанк, Промсвязбанк, Россия Банкы, Совкомбанк, ВНЕШЕКОНОМБАНК (ВЭБ) жана ВТБ БАНК SWIFT системасынан чыгарылат.

Чечимге ылайык, банктардын иштери 10 күндөн кийин токтотулат.

Ошондой эле Орусиянын түз инвестициялык фондунун долбоорлоруна катышууга тыюу салынды.

Орусиядагы кандайдыр бир жеке же юридикалык жактарга колдонуу үчүн евро банкнотторун берүүгө, жеткирүүгө, которууга же экспорттоого да тыюу салынды. 

Европа комиссиясынын төрайымы Урсула фон дер Ляйен социалдык медиа аккаунтундагы билдирүүсүндө: "Орусиянын негизги банктарын SWIFT тармагынан чыгаруу боюнча бүгүн кабыл алынган чечим Путин менен Кремлге дагы бир ачык сигнал берет",-деди.

Бельгияда негизделген SWIFT каржы мекемелеринин ортосундагы транзакцияларды коопсуз жана стандартташтырылган түрдө жүргүзүүгө мүмкүндүк берет.

Учурда дүйнөдөгү трансчек аралык төлөмдөрдүн көбү SWIFT аркылуу ишке ашат, ага 200дөн ашык өлкө жана 11 миңден ашык каржы институттары кошулган.

Орусиянын аталган системадан чыгарылышы орус банктарынын тышкы коммерциялык иштери татаалдашат дегенди билдирет.



Тектеш кабарлар