Германия кооптуу аймактардын тизмесин жаңылады

Жаңыртууга ылайык эртеңден тарта Түркия да арасында болгон 62 өлкө “жогорку тобокелдик зонасынан” чыгарылат.

1788430
Германия кооптуу аймактардын тизмесин жаңылады

Германия коронавирус (Ковид-19) панидемиясынан улам "коркунучтуу зоналар" деп жарыялаган 62 өлкөнү бул алкымдан чыгарууну чечти.

Германияда жугуштуу оорулар тармагында изилдөөлөрдү жүргүзгөн Роберт Кох Институту (RKI) Саламаттыкты сактоо, Тышкы иштер жана Ички иштер министрликтери менен бирге даярдаган кооптуу аймактардын тизмесин жаңылады.

Жаңыртууга ылайык эртеңден тарта Түркия да арасында болгон 62 өлкө “жогорку тобокелдик зонасынан” чыгарылат.

RKI бул чечимге себеп катары вирустун Omicron вариантынын коркунучтуу оорусун пайда кылуу ыктымалдуулугунун төмөндүгүн көрсөттү.



Тектеш кабарлар