G-7нин каржы министрлери Орусияга каршы кошумча санкцияларды сүйлөштү
Германиянын каржы министри Кристиан Линднер жыйындан кийин Орусиянын Украинага кол салуусуна сереп салды.
Чоң жетиликтин каржы министрлери Орусияга каршы кошумча санкцияларды талкуулашты.
Германиянын каржы министри Кристиан Линднер Германия, АКШ, Англия, Канада, Франция, Италия жана Япониядан турган Чоң жетиликке кирген өлкөлөрдүн каржы министрлери жана борбордук банк башчыларынын онлайн жыйынынан кийин Орусиянын Украинага кол салуусуна сереп салды.
Украинанын каржы министринин жыйынга конок катары катышканын билдирген Линднер: "Орусияга каршы киргизилген санкциялардын ишке ашырылышы темасында пикир алмаштык, ошондой эле кандай кошумча санкциялар киргизилиши мүмкүн экендиги боюнча сунуштарды бердик",- деди.
Линднер бул сунуштарга G7нин мөөнөттүү төрагасы Германиянын баа берерин айтып: "Биз Орусияны саясий, финансылык жана экономикалык жактан обочолонтууну каалайбыз",- деп билдирди.
Тектеш кабарлар
Газада уранды астында 10 миңден ашуун киши дайынсыз жоголду
Газадагы жарандык коргонуу директорлугунан темага байланыштуу жазуу түрүндө мсаалымат берилди.