Байден-Зеленский сүйлөшүүсү

Ак үйдүн жазуу түрүндөгү билдирүүсүнө караганда, Байден менен Зеленский Орусия-Украина согушу тууралуу телефон аркылуу сүйлөштү.

1788107
Байден-Зеленский сүйлөшүүсү

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) президенти Жо Байден Украинанын президенти Владимир Зеленский менен телефон аркылуу сүйлөшүүсүндө өлкөсүнүн Орусия-Украина согушунда Киевди колдой турганын кайталады.

Ак үйдүн жазуу түрүндөгү билдирүүсүнө караганда, Байден менен Зеленский Орусия-Украина согушу темасында телефон аркылуу сүйлөшүү өткөрдү.

АКШнын Украинага орус чабуулдарынан коргонуусу үчүн колдоосун уланта турганын белгилеген Байден, Киевге акыркы убакта берилген коопсуздук, экономикалык колдоо жана гуманитардык жардамдарды эске салды.

Орусиянын кылгандарына жооп бериши үчүн «союздаш жана өнөктөш» өлкөлөр менен жүргүзүлүп жаткан иштерди талкуулаган эки лидер, Батыштын киргизген санкцияларынын орус экономикасына чоң таасир тийгизгенине көңүл бурушту.



Тектеш кабарлар