НАТО Украинага аскер же учак жөнөтпөйт

НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг Польшадагы Ласк аба базасына барды жана Польшанын президенти Анджей Дуда менен бирге маалымат жыйын өткөрдү.

1787787
НАТО Украинага аскер же учак жөнөтпөйт

НАТОнун Орусия кол салган Украинадагы кагылышууга катышпай турганы, аскерлерин жибербей турганы жана Украинанын аба мейкиндигинде учактарын учурбай турганы маалымдалды.

НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг АКШнын F-15 согуштук учактары да жайгашкан Польшадагы Ласк аба базасына барды жана Польшанын президенти Анджей Дуда менен бирге маалымат жыйын өткөрдү.

НАТОнун жооп кайтаруу күчтөрүн биринчи жолу активдештиргендерин эске салган Столтенберг, француз аскерлеринин бүгүн ушул алкакта Румынияга жеткенин айтты.

Украина тарабынан НАТОдон суралган учактар ​​жөнөтүлдүбү жана НАТОнун базалары Украинага ачылабы деген суроого Столтенберг: «НАТО союздаштары ар кандай аскердик колдоо көрсөтүүдө. Алардын ичинде танкка каршы курал-жарактар, абадан коргонуу системалары жана башка аскердик техникалар, гуманитардык жана каржылык колдоолор бар. Бирок НАТО жаңжалдын бир бөлүгү болбойт. НАТО Украинага аскерлерин жөнөтпөйт жана Украинанын аба мейкиндигинде учак учурбайт”,- деди.

Польшанын президенти Дуда болсо өлкөсүнүн Украинага согуштук учактарды жөнөтпөгөнүн белгилеп: "Анткени мындай нерсе Украинадагы жаңжалга аскерий кийлигишүү дегенди билдирет. Биз бул жаңжалга катышпайбыз. НАТО бул жаңжалдын бир бөлүгү эмес. Биз Украинага гуманитардык жардам беребиз, бирок Украинанын аба мейкиндигине согуштук учактарды жөнөтпөйбүз",-деп айтты.



Тектеш кабарлар