Иракта ДЕАШка каршы операция жүргүзүлдү

Керкүк полиция башкармалыгынын басма сөз катчысы Амир Нури бул темага байланыштуу билдирүүсүндө Ирак коопсуздук күчтөрүнүн Керкүк шаарынын түштүгүндө ДЕАШка каршы операция жүргүзгөнүн айтты.

1787676
Иракта ДЕАШка каршы операция жүргүзүлдү

Ирактын Керкүк шаарында террордук уюм ДЕАШка карата кеңири масштабдуу операция башталды.

Керкүк полиция башкармалыгынын басма сөз катчысы Амир Нури бул темага байланыштуу билдирүүсүндө Ирак коопсуздук күчтөрүнүн Керкүк шаарынын түштүгүндө ДЕАШка каршы операция жүргүзгөнүн айтты.

Нури Керкуктун түштүгүндөгү Вади Гарха аймагында башталган операцияда көп сандаган ок - дарыларынын колго түшүрүлгөндүгүн  да билдирди.

Бул аймакта маал - маалы менен коопсуздук күчтөрүнө кол салган террористтердин бар экенин белгилеген Нури эки күндүк операциянын максатынын аймакты террористтерден толугу менен тазалоо экенин айтты.

ДЕАШ 2014 -  жылы июнь айында Мусул, Салахаддин жана Энбар аймактарынын баарын, Дияла жана Керкүкү аймактарынын бир бөлүгүн колго алып, бул аймактар көп жылдан кийин уюмдан кайра алынган.

ДЕАШ аймактан чыгарылып, шаарлар кайра алынганынан бери 4 жылдан ашык убакыт өткөнүнө карабастан, уюмдун кол салуулары өзгөчө Керкүк, Дияла, Мусул, Салахаддин жана Энбар аймактарынын элет жерлеринде уланууда.

 

 



Тектеш кабарлар