Британия Орусиянын кемелерине тыюу салды

Транспорт министри Грант Шаппс билдирүү жасады.

1787254
Британия Орусиянын кемелерине тыюу салды

Орусиянын Украинага кол салуусунан кийин Британия орус кемелеринин портторуна кирүүсүнө тыюу салды.

Транспорт министри Грант Шаппс Твиттерде төмөнкүдөй билдирүү жасады:

"Бүгүн мен Британиянын бардык портторуна орус желектүү, катталган, ээлик кылган, көзөмөлдөнгөн, ижарага алынган же башкарылган кемелерге кирбөөнү сурандым. (Орусиянын президенти Владимир) Путиндин Украинадагы аракетин эске алып бул кемелердин баш ийиши керек болгон ушул мыйзамдар менен бул жерде кабыл алынбай турганын ачык айттым".

Орус аскерлери 24-февралда Украинага каршы операция баштаган болчу.



Тектеш кабарлар