Австралиядагы сел...
Селден улам чыга албай калган 1000 кишинин куткарылганы билдирилди.
Австралиянын Жаңы Түштүк Уэльс штатынын премьер-министри Доминик Перротет, нөшөрлөгөн жамгырдын себебинен болгон селден улам чыга албай калган 1000 кишинин куткарылганын айтты.
Премьер-министр Перротет Жаңы Түштүк Уэльстин борбор шаары Сиднейде өткөргөн пресс-конференцияда, штаттын түндүк аймактарында суу каптаган жерлердеги элдин куткарылышы, эвакуациялар жана акыркы абалдар тууралуу маалымат берди.
Чыга албай калган миң кишинин куткарылганын кабарлаган премьер-министр Перротет, тез жардам кызматына 6 миң кишинин кайрылганын, болжол менен дагы 40 миң кишинин эвакуацияланышы керектигин айтты.
Дем алыш күндөн бери таасирдүү болгон сел апаатынан 8 киши каза тапкан Квинсленд штатында болсо дайынсыз жоголду деп жарыяланган 2 кишиден дагы эле кабар жок.