Путинге Австралияга кирүүгө тыюу салынды

Моррисон Украинага кол салган Орусияга карата киргизилген санкцияларга байланыштуу Премьер-министрликтин расмий интернет сайтында жазуу түрүндө билдирүү жасады.

1786737
Путинге Австралияга кирүүгө тыюу салынды

Австралиянын премьер-министри Скотт Моррисон Орусиянын Украинага каршы согушунан жооптуу деп эсептеген Орусиянын президенти Владимир Путин менен Орусиянын Коопсуздук кеңешинин туруктуу мүчөлөрүнүн өлкөгө кирүүсүнө тыюу салуу чечимин чыгаргандарын жарыялады.

Моррисон Украинага кол салган Орусияга карата киргизилген санкцияларга байланыштуу Премьер-министрликтин расмий интернет сайтында жазуу түрүндө билдирүү жасады.

Орусиянын эл аралык мыйзамды жана Бириккен Улуттар Уюмунун Конвенциясын катуу бузганын белгилеген Моррисон: "Биз Путинди Украинага каршы жүргүзүп жаткан коркунучтуу жана адилетсиз согуш үчүн жооптуу деп эсептейбиз. Австралия киргизе турган каржылык санкциялар жана саякатка тыюу салуулар, Орусиянын президенти (Путин), тышкы иштер министри Сергей Лавров, коргоо министри Сергей Шойгу, премьер-министр Михаил Мишустин жана ички иштер министри Владимир Колокольцев үчүн түн жарымынан тарта күчүнө кирди",-деп билдирди.

Санкциялардын алкагына орус жетекчилеринен тышкары кээ бир беларустук кишилер жана мекемелери да киргенин жарыялаган Моррисон: "Биз беларустук 13 киши жана мекемелерине анын ичинде Беларустун коргоо министри Виктор Хренинге санкция киргиздик, алар Орусияга Беларустан чабуул жасоого уруксат берип Путиндин агрессиясына көмөктөшкөн",-деди.

Австралиянын киргизген санкцияларынын алкагында, жеке адамдар менен катар Орусиянын Борбордук банкынын эл аралык резервдерин жана инвестицияларын алсыратууга багытталган чектөө чаралары да ишке ашырылууда.

Санкциялар ошондой эле орусиялык банктардын SWIFT коддорун глобалдык төлөм билдирүү системасынан алып салуу, орусиялык соода жана инвестиция агымын үзгүлтүккө учуратып, орус экономикасына олуттуу чыгым келтирүүнү көздөйт.

 



Тектеш кабарлар