Орусиянын бөгөт коюучу күчтөрү "атайын согуштук миссияга" өттү
Бул тууралуу Орусиянын Коргоо министрлигинин билдирүүсүндө орун алды.
Орусия армиясынын бөгөт коючу күчтөрү күчөтүлгөн кызматкерлер менен атайын согуштук миссия статусуна өткөнүн жарыялады.
Орусиянын Коргоо министрлигинин билдирүүсүндө, Коргоо министри Сергей Шойгунун президент Владимир Путинге Стратегиялык ракета күчтөрүнүн командирлиги, Түндүк жана Тынч океан флоттору жана Узак аралыкка учуучу авиация командирлиги күчөтүлгөн кызматкерлер менен атайын согуштук миссияга өткөндүгү тууралуу маалымат бергени билдирилди.
Путин Орусияга киргизилген санкцияларды жана НАТО өлкөлөрүнүн жогорку даражалуу өкүлдөрүнүн билдирүүлөрүн себеп көрсөтүп, орус армиясынын бөгөт коюучу күчтөрүн атайын согуштук миссияга айлантууну буйруду.
Орус аскерлеринин токтотуучу күч ыйгарым укуктарына өзөктүк курал жана гипер үндүү ракеталар да кирет.
Орус аскерлери 24-февралда Украинага чабуул баштаган.
Тектеш кабарлар
Газада уранды астында 10 миңден ашуун киши дайынсыз жоголду
Газадагы жарандык коргонуу директорлугунан темага байланыштуу жазуу түрүндө мсаалымат берилди.