Украина: «Киев Орусия менен мүмкүн болгон сүйлөшүүлөрдө белгилөөчү болот»

Подоляк TSN телеканалына берген маалыматында Орусиянын Украинага кол салуусуна байланыштуу сүйлөшүү процесси тууралуу сереп салды.

1786281
Украина: «Киев Орусия менен мүмкүн болгон сүйлөшүүлөрдө белгилөөчү болот»

 

Украина президентинин аппарат жетекчисинин орун басары Михаил Подоляк Орусия менен мүмкүн болгон сүйлөшүүлөрдө Украина белгилөөчү позицияда болорун билдирди.

Подоляк TSN телеканалына берген маалыматында Орусиянын Украинага кол салуусуна байланыштуу сүйлөшүү процесси тууралуу сереп салды.

Украинанын Орусия менен сүйлөшүү процессин баштаса алсыз абалда калбай турганын айткан Подоляк, сүйлөшүү процесси болоорун, ар бир согуштун сүйлөшүү процесси менен аяктаганын айтты.

Подоляк:«Бирок бул сүйлөшүү процессинде позициялар башкача болот. Бул Украина белгилей турган позиция болот. Украина, анын ичинде Донецк жана Луганск облустары, мындан ары эмне болору боюнча шарттарды сунуштайт»,-деп айтты.

Орусия Украинага каршы аскердик операциясын 24-февралда баштаган.



Тектеш кабарлар