Зеленский Путинге кайрылды : "Сүйлөшүү столуна отуралы"
Зеленский Россиянын Украинага басып кириши жөн гана басып алуу эмес, Европага каршы согуштун башталышы экендигин айтты.
1785487
Украинанын президенти Владимир Зеленский Россиянын президенти Владимир Путинге кайрылып : "Келгиле, өлүмдөрдү токтотуу үчүн сүйлөшүү столуна отуралы",- деди.
Украинанын лидери Зеленский өзүнүн Telegram эсебинен жарыялаган видео кайрылуусунда : «Украинанын бардык жеринде кагылышуулар уланууда. Мен дагы бир жолу Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путинге кайрылгым келет: Келгиле, адамдардын өлүмүн токтотуу үчүн сүйлөшүү столуна отуралы»,- деп айтты.
Зеленский Россиянын Украинага басып кириши жөн гана басып алуу эмес, Европага каршы согуштун башталышы экендигин айтты.
Россия кечээ Украинага аскердик операция баштаган.