НАТО: "Орусия Европа континентинде тынчтыкты бузду"

НАТОнун лидерлери Орусиянын Украинага аскерий кийлигишүүсүн кезексиз саммитте талкуулашты.

1785811
НАТО: "Орусия Европа континентинде тынчтыкты бузду"

НАТОнун лидерлери Орусиянын Украинага аскерий кийлигишүүсүн кезексиз саммитте талкуулашты.

НАТОнун башкы катчысы Йенс Столтенберг мамлекет жана өкмөт башчыларынын деңгээлинде видеоконференция аркылуу өткөн НАТОнун кезексиз саммитинин ачылыш сөзүн сүйлөдү.

Бир нече айдан берки эскертүүлөргө жана дипломатиялык жол менен чечүү аракеттерине карабастан Орусиянын Европа континентинде тынчтыкты бузганын баса белгилеген Столтенберг: «Баскындын жалгыз жооптуусу Орусия»,-деди.

Йенс Столтенберг Орусияны аскердик аракеттерин токтоосуз токтотууга үндөп, альянс Украинанын эгемендигин жана аймактык бүтүндүгүн колдой турганын кайталады.

Президент Режеп Таййип Эрдоган Орусиянын Украинага аскердик кийлигишүүсү талкууланган НАТОнун кезексиз саммитине түз байланыш аркылуу катышты.

Саммитке Евробиримдиктин, Финляндиянын жана Швециянын лидерлери да катышты.

Саммиттен кийин жарыяланган НАТОнун билдирүүсүндө,"Биз Украинанын демократиялык жол менен шайланган президенти, парламенти жана өкмөтү жана өз мекенин коргогон эр жүрөк украин эли менен биргебиз", делди.

Билдирүүдө,"Орусиянын аскердик кыймыл-аракеттеринен улам биз НАТОнун кармануусу жана коргонуу туруму үчүн керектүү жыйынтыктарды чыгарабыз. Орусиянын президенти Владимир Путиндин Украинага кол салуу чечими Орусиянын көп жылдар бою экономикалык жана саясий жактан оор чыгымды төлөй турган коркунучтуу жаңылыштык",деген маалыматтар камтылган.

Орусия Украинага карай аскерий операциясын кечээ баштаган.



Тектеш кабарлар