ЮНИСЕФ Украинадагы балдардын жашоосуна тынчсызданууда

ЮНИСЕФтин америкалык башкы директору Кэтрин М. Рассел билдирүү жасады.

1784539
ЮНИСЕФ Украинадагы балдардын жашоосуна тынчсызданууда

Бириккен Улуттар Уюмунун Балдар Фонду (ЮНИСЕФ) Орусиянын Украинадагы аскердик кийлигишүүсүнүн 7,5 миллион баланын өмүрүнө “коркунуч жаратканына” “терең тынчсыздануусун” билдирди.

ЮНИСЕФтин америкалык башкы директору Кэтрин М. Рассел жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, чек арадагы күчтүү кол салуулардын Украинадагы суу тармактарына жана билим берүү мекемелерине зыян келтиргенин белгиледи.

Кагылышуулар токтобосо он миңдеген үй-бүлөнүн жер которорун жана гуманитардык муктаждыктардын кескин көбөйө турганын айткан Рассел: «ЮНИСЕФ Украинадагы согуштук аракеттердин күчөшү өлкөдөгү 7,5 миллион баланын өмүрүнө жана бакубаттуулугуна коркунуч жаратып жатканына терең тынчсызданат»,-деди.

Рассел ЮНИСЕФтин Украинанын чыгышында балдардын өмүрүн сактап калуучу программаларды кеңейтүү үчүн иш алып барганын, ошондой эле балдарга психологиялык-социалдык жардам көрсөткөнүн маалымдады.

Акыркы 8 жылдан бери уланып келе жаткан кагылышуулардын чек аранын эки тарабындагы балдарга терең жана туруктуу зыян келтиргенин баса белгилеген Рассел: «Украиналык балдарга азыр тез арада тынчтык керек»,-деди.

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) баш катчысы Антонио Гутеррештин чукул ок атышпоо чакырыгын кайталагандарын айткан Рассел, суу жана канализация системалары, саламаттыкты сактоо мекемелери жана мектептер менен бирге балдар түздөн-түз көз каранды болгон негизги инфраструктурага кол салбоону талап кылды.



Тектеш кабарлар