Путиндин Украинага билдирүүсү

Путин журналисттерге билдирүү жасады.

1783280
Путиндин Украинага билдирүүсү

Орусиянын президенти Владимир Путин Украинадан ортосундагы көйгөйлөрдү чечүү үчүн НАТОго кирүүнүн ордуна нейтралдуу статуска ээ болууну жана Крымдын аннексиясын таанууну талап кылды.

Путин журналисттерге билдирүү жасады. 

2014-жылы кол коюлган Минск келишиминин Украинанын келишимге баш ийбестигинен улам жараксыз болуп калганын айткан орус лидер, Батыш өлкөлөрүнүн да бул процессте активдүү роль ойной албаганын баса белгиледи. Путин: "Ошондуктан биздин Донецк Эл Республикасы менен Луганск Эл Республикасын таануудан башка аргабыз жок. Ооба, Минск келишими эми жок. Биз бул республикаларды тааныдык", - деди.

Владимир Путин Украинанын НАТОго мүчөлүгү тууралуу: «Батыш өлкөлөрүндөгү кесиптештерибиздин жүзүн жоготуп албашы үчүн бул маселени чечүүнүн эң жакшы жолу азыркы Киев администрациясынын НАТОго кошулуудан баш тартуусу жана бейтараптуулукту кармануусу», - деп айтып: “Украина мамилелерди жөнгө салуу үчүн Крым менен Севастопольдо жашагандардын Орусияга кошулуу чечимин таануусу керек",-деди.



Тектеш кабарлар