Орусия Украинадагы дипломатиялык кызматкерлерин эвакуациялайт
Тышкы иштер министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта, Орусиянын Киевдеги элчилиги менен катар Одесса, Львов жана Харьковдогу консулдуктарынын 2014-жылдан бери кол салууга дуушар болгону айтылды.
Орусиянын Тышкы иштер министрлиги Украинадагы дипломатиялык кызматкерлердин жакын арада эвакуациялана турганын билдирди.
Тышкы иштер министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта, Орусиянын Киевдеги элчилиги менен катар Одесса, Львов жана Харьковдогу консулдуктарынын 2014-жылдан бери кол салууга дуушар болгону айтылды.
Бул кол салуулардын себебинен орус дипломаттардын, элчилик жана консулдук кызматкерлердин коопсуздугун камсыз кылуу үчүн эвакуациялоо чечими чыгарылганы белгиленген билдирүүдө: "Орус жетекчилиги дипломатиялык кызматкерлерди жакын арада Украинадан эвакуациялоо чечимин кабыл алды”,-деп кабарланды.
Орусиянын президенти Владимир Путин Украинанын чыгышындагы орусиячыл жикчилдердин администрациясын таануу боюнча жарлыкка мурунку күнү кол коюп, Орус куралдуу күчтөрүнө болсо Донецк жана Луганск элдик республикаларында тынчтыкты сактоону тапшырган.
Тектеш кабарлар
АКШдан Украинага 2 миллиард долларлык жардам
Украинага барган Блинкен Киевди колдоо боюнча комментарий берди.
Газада каза болгондордун саны 35 миң 233кө жетти
Израилдин Газа тилкесине 222 күндөн бери улантып жаткан кол салуулары тууралуу маалымат берилди.