Орус парламенти аскерлерди чет өлкөгө жөнөтүүнү жактырды

Федерация Кеңешинде Путиндин орус аскерлеринин чет өлкөдө кызмат өтөөсүнө уруксат берген арызы талкууланды.

1783249
Орус парламенти аскерлерди чет өлкөгө жөнөтүүнү жактырды

Орус парламентинин жогорку палатасы Федерация Кеңеши президент Владимир Путиндин аскер күчтөрүнүн Орусиядан тышкары жерде да кызмат өтөөсү боюнча арызын бекитти.

Федерация Кеңешинде Путиндин орус аскерлеринин чет өлкөдө кызмат өтөөсүнө уруксат берген арызы талкууланды.

Жыйындан кийин өткөрүлгөн добуш берүүдө 153 сенатордун добушу менен арыз кабыл алынды.

Чечимде,«Федерация Кеңеши эл аралык укуктун жалпы кабыл алынган принциптеринин жана эрежелеринин негизинде Орусия Федерациясынын Куралдуу күчтөрүн Орусия Федерациясынын аймагынан тышкары жерлерде колдонууга Орусия Федерациясынын Президентине макулдук берүү жөнүндө чечим кабыл алат»,деген сөздөр камтылган.

Мындан тышкары чечимде, Орусиянын Куралдуу Күчтөрүнүн түзүмдөрү, жоокерлердин жалпы саны, алардын иш алып баруу чөйрөсү, милдеттери, ошондой эле Орусия Федерациясынын аймагынан тышкары жерде болуу мөөнөтү конституцияга ылайык президент тарабынан аныктала турганы белгиленди.

Орусиянын президенти Владимир Путин Украинанын чыгышындагы орусиячыл жикчилдердин администрациясын таануу жөнүндөгү жарлыкка кечээ кол коюп, Орусиянын Куралдуу күчтөрүнө өздөрүн Донецк жана Луганск элдик республикаларында тынчтыкты сактоону тапшырды.



Тектеш кабарлар