Украина БУУнун Коопсуздук Кеңешин чукул чогулууга чакырды
Украина коопсуздукту камсыз кылуу үчүн Будапешт меморандумунун алкагында Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешине кайрылуу жасады.
Украина коопсуздукту камсыз кылуу үчүн Будапешт меморандумунун алкагында Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешине кайрылуу жасады.
Украинанын тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба твиттерден берген билдирүүсүндө президент Владимир Зеленскийдин демилегси менен кагылышууларды азайтуу жана өлкөнүн коопсуздугун түзүү үчүн таштала турган кадамдарды сүйлөшүү үчүн Будапешт меморандумунун 6 - беренесинин негизинде БУУнун Коопсуздук Кеңешине мүчө өлкөлөрдөн кеңешүүлөрдү өткөрүшүн талап кылгандыгын билдирди.
Украинанын өзөктүк куралдан арылуусунан кийин 1994 - жылы Британия, Америка Кошмо Штаттары жана Россия кол койгон Будапешт меморандуму Киев администрациясынын коопсуздугун жана аймактык бүтүндүгүн кепилдейт.
Тектеш кабарлар
Израиль палестиналыктардын сөөгүн күттүрүүнү улантууда
Шейиттредин сөөгүнө байланыштуу Кайра алуу демилгеси тарабынан маалымат берилди.