БУУ Мадагаскардагы "Эмнати" бороонуна даярданууда

«Эмнати» бороонунун орточо ылдамдыгы саатына 170 километрге жетиши мүмкүн экени айтылды.

1783065
БУУ Мадагаскардагы "Эмнати" бороонуна даярданууда

Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) бүгүн Мадагаскарда таасирдүү болушу күтүлгөн "Эмнати" бороонунун алдында эң жаман сценарийге даярданышканын билдирди.

БУУнун Швейцариянын Женева кеңсесиндеги маалымат жыйында сөз сүйлөгөн Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын (БДП) басма сөз катчысы Томсон Фири бороондун алдында аймактагы акыркы абалды жана Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын гуманитардык жардам планын түшүндүрдү.

Томсон Фири "Эмнатинин" мурунку "Батсирай" бороонунан жабыркаган үй-бүлөлөрдүн абалын начарлатарын болжолдогондорун айтып: "Биз эң жакшысына үмүттөнөбүз, бирок эң жаманына даярданып жатабыз. Аймакта гуманитардык даярдыктар аяктады жана жер көчкүгө алып келиши күтүлүп жаткан бороондун алдында Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын кызматкерлеринин саны көбөйтүлдү",- деди.

Фири Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын жээктеги Мананжары шаарындагы 14 коопсуз аймакка баш калкалаган 3500дөн ашуун кишиге 5 күндүк азык-түлүк жардамын бере турганын маалымдады.

Мындан тышкары Манакара шаарында 150 тонна азык-түлүк камдалганын баса белгилеген Фири, бул азыктардын Эмнатиден жапа чеккен бардык аймактарга таратыла турганын айтты.

Бүгүн Инди океанынан Мадагаскарга жетиши күтүлгөн «Эмнати» бороонунун орточо ылдамдыгы саатына 170 километр болушу мүмкүн экени айтылды.

Өлкөдө айдын башында таасирдүү болгон "Батсирай" бороонунан 100дөн ашуун адам каза тапкан.

Январь айындагы "Ана" тропикалык бороондон кийин болсо 110 миң киши башка жакка көчүүгө аргасыз болгон.


Этикеткалар: #"Эмнати" бороонунун

Тектеш кабарлар