БУУ: «Кагылышууну болтурбоо керек»

БУУ Украина менен Орусиянын ортосундагы абал боюнча эскертти.

1782757
БУУ: «Кагылышууну болтурбоо керек»

Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) Украина менен Орусиянын ортосундагы абалдын өтө кооптуу экенин эскертип, кандай болсо да чоң кагылышуу коркунучун жараткан окуялардын алдын алууга чакырды.

(БУУ) Башкы катчынын саясий иштер боюнча орун басары Розмари ДиКарло, Украинанын чакыруусу менен шашылыш түрдө чогулган БУУнун Коопсуздук Кеңешинде аймактагы кооптуу окуялардан абдан тынчсыздангандарын билдирди.

ДиКарло: «Алдыдагы сааттар жана күндөр маанилүү болот. Чоң чыр-чатактын коркунучу чындык жана кандай болсо да болтурбоо керек»,- деп айтты.

Орусиянын Украинанын чыгышына «Тынчтык миссиясы» деген ат менен аскер жибергени тууралуу кабарга абдан кабатыр болгондорун белгилеген ДиКарло, ок атышпоонун бузулушунан аймактагы жарандардын жабыр тартканын белгиледи.

ДиКарло акыркы абалдардын учурдагы сүйлөшүүлөргө тийгизе турган кесепеттеринен абдан тынчсыздангандарын дагы бир жолу кайталады жана бул учурда аймактык коопсуздук темасында тараптардын диалогун улантуунун дагы да маанилүү экенин баса белгиледи.

Кечээ кечинде Орусиянын президенти Владимир Путин “Донецк Элдик Республикасы менен Луганск Элдик Республикасынын көз карандысыздыгын” таануу жарлыгына кол койгон болчу.



Тектеш кабарлар