Донбасста Россия жактоочусу жикчилдер ок атышпоо эрежесин бузду
Жикчилдердин ок атуусунда 2 украин аскери жана 2 жарандын жаралангандыгы билдирилди.
1781086
Украинанын куралдуу күчтөрү кечээ Донбасстын ар башка аймактарында Россияны жактаган жикчилдердин ок атышпоо эрежесин бузуп, 2 украин аскери жана 2 жарандын жараланганын жарыялады.
Украинанын куралдуу күчтөрүнүн билдирүүсүндө кечээ жикчилдердин түрдүү аймактарда ок атышпоо режимин 60 жолу бузганы билдирилди.
Водиане, Луганске, Свитлодарск, Маринке, Писки, Авдеевка, Широкино сыяктуу ар кайсы аймактарда жикчилдердин аткылоосунда 2 украин аскери жана 2 жарандын жараланганы билдирилген маалыматта эреже бузуулардын 43нүн Минск келишимдеринин негизинде тыюу салынган куралдар менен жасалгандыгы маалымдалды.
Жикчилдердин бүгүн Болотоне, Чермали, Шуми, Ногнатовка жана Старагнатовка аймактарында ок атышпоо режимин 6 жолу бузганы белгиленди.