НАТО Орусия-Украина кризиси боюнча билдирүү жарыялады

Бельгиянын борбору Брюсселдеги НАТОнун штаб-квартирасында өткөн НАТОнун коргоо министрлеринин жыйыны учурунда министрлердин Украинадагы кырдаал боюнча билдирүүсү жарыяланды.

1780087
НАТО Орусия-Украина кризиси боюнча билдирүү жарыялады

НАТОнун коргоо министрлери Орусияны Украинадан өз күчтөрүн чыгарып кетүүгө жана Европанын коопсуздугу боюнча диалог үчүн дипломатиялык жолду тандоого чакырды.

Бельгиянын борбору Брюсселдеги НАТОнун штаб-квартирасында өткөн НАТОнун коргоо министрлеринин жыйыны учурунда министрлердин Украинадагы кырдаал боюнча билдирүүсү жарыяланды.

Орусиянын аскердик жыйылуусуна байланыштуу терең тынчсыздануу билдирилген билдирүүдө: «Орусияны эң күчтүү дипломатиялык жолду тандоого, аскер жыйуу чечимин жокко чыгарууга жана эл аралык милдеттенмелерине жана убадаларына ылайык Украинадан күчтөрүн чыгарып кетүүгө чакырабыз»,делди.

Орусияга каршы бөгөт коюу менен бирге диалогго карата ачык позициянын сактала турганы баса белгиленген билдирүүдө, Орусиянын иш-аракеттеринин Евро-Атлантика коопсуздугуна коркунуч туудурганы, ошондуктан НАТОнун чыгыштагы аскердик позициясын күчтөндүргөнү эске салынды.

Билдирүүдө, «Коргонуу жана бөгөт коюу боюнча позициябызды мындан ары да бекемдөөгө даярбыз»,деген сөздөргө орун берилди.

Украинанын аймактык бүтүндүгүн, эгемендигин жана көз карандысыздыгын колдоону ырастаган билдирүүдө ар бир өлкө өз жолун тандоого укуктуу экени жана Орусиянын агрессивдүү позициясы оор кесепеттерге алып келери дагы бир жолу эскертилди.

Билдирүүдө ошондой эле, «НАТО жана союздаштары Орусия менен Евроатлантикалык коопсуздук маселелери боюнча эң жогорку деңгээлде дипломатия жана диалог жолун улантууда»,деген сөздөр колдонулган.

НАТО министрлери Европа Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун (ЕККУ) кезектешкен төрагасы катары Польша тарабынан демилгеленген жаңыланган Европа коопсуздук диалогуна даяр экендиктерин жана Орусияга мындан мурда берилген коопсуздук боюнча  сунуштарга жооп күтүп жатышканын билдиришти.



Тектеш кабарлар