Столтенберг: «НАТО Орусия үчүн коркунуч эмес»

НАТОнун коргоо министрлеринин жыйынынын биринчи отуруму Бельгиянын борбор шаары Брюсселдеги НАТОнун баш кеңсесинде баш катчы Йенс Столтенбергдин ачылыш сөзү менен башталды.

1779958
Столтенберг: «НАТО Орусия үчүн коркунуч эмес»

НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг альянс Орусия үчүн коркунуч туудурбайт жана диалогду жактайт деп билдирди.

НАТОнун коргоо министрлеринин жыйынынын биринчи отуруму Бельгиянын борбор шаары Брюсселдеги НАТОнун баш кеңсесинде баш катчы Йенс Столтенбергдин ачылыш сөзү менен башталды.

НАТОнун Орусия үчүн коркунуч болбогонун жана диалогду жактаганын белгилеген Столтенберг: «Биз бардык союздаштарды коргоо жана колдоо үчүн колубуздан келгендин баарын кылабыз. Биз НАТОнун жооп кайтаруу күчтөрүнүн даярдыгын жогорулаттык. Шериктештер өз күчтөрүн даяр күттүрүүдө жана дагы көбүрөөк аскерлерди, учактарды жана кемелерди жайгаштырууда. Бүгүн биз тоскоолдук жана коргонуу позициябызды кантип жакшыртуубуз керектигин жана  дипломатиялык аракеттерибизди кантип улантышыбыз керектигин карап чыгабыз»,-деди.

Орусиянын Украина кризисине байланыштуу аймактагы чыңалууну азайтуу үчүн эч кандай кадам таштабаганын түшүндүргөн Столтенберг: «Биз Европанын коопсуздугу үчүн кооптуу учурдун алдында турабыз. Орусия Украинанын чек арасына оккупациялык күчтөрдү жыйды. Ошол эле учурда Москвадан дипломатиянын улантылышы керек деген белгилер бар. Бул этият оптимизмге негиз берет. Бирок азырынча аянтта эч кандай чыңалуунун төмөндөө белгисин көрө элекпиз»,-деди.

НАТОнун дипломатиялык жол табууга даяр экенин белгилеген Столтенберг: «НАТО Орусия үчүн коркунуч эмес. Биз диалогго барууга жана алдыга карай дипломатиялык жол табууга даярбыз»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар