Германияда катуу шамал тууралуу эскертүү

Жетекчилер зарыл болбосо көчөгө чыкпоону сунушташты.

1779903
Германияда катуу шамал тууралуу эскертүү

Германиянын Метеорология кызматы (DWD) бүгүн башталышы күтүлгөн «катуу шамалга» каршы өлкө элин эскертти.

Эскертүүдөн кийин өлкөнүн борбордук жана түндүк аймактарында, өзгөчө Түндүк Рейн-Вестфалия (НРВ) провинциясында эртең мектептер, зоопарктар жана парктар жабык болот.

Жетекчилер зарыл болбосо көчөгө чыкпоону сунушташты.

Өлкөнүн 80 пайызына таасирин тийгизе турган жана аптанын аягына чейин созулушу күтүлгөн катуу бороондо, божомолдор боюнча Түндүк деңизде ылдамдыгы саатына 150 чакырымга жеткен шамал болушу мүмкүн, ал эми ички аймактарда шамалдын ылдамдыгы 90дон 110 чакырымга чейин жетет.



Тектеш кабарлар