Зеленский Байденди Украинага чакырды

Президент Байден украиналык кесиптеши Владимир Зеленский менен телефон аркылуу сүйлөштү.

1777972
Зеленский Байденди Украинага чакырды

Америка Кошмо Штаттарынын президенти Жо Байден Украинанын президенти Владимир Зеленскийге телефон чалып, Орусия менен болуп жаткан чек ара кризисине байланыштуу колдоо убадасын кайталады.

Ак үйдүн жазуу түрүндөгү билдирүүсүнө караганда, Жо Байден украиналык кесиптеши Владимир Зеленский менен телефон аркылуу сүйлөшүп, өлкөсүнүн Украинанын эгемендигине жана жеринин бүтүндүгүнө карата колдоосун кайталады.

Байден эгер Орусия Украинага кандайдыр бир кол салууга аракет кылса, АКШнын союздаштары жана өнөктөштөрү менен “тез жана чечкиндүү” жооп кайтарарын ачык айтты.

Эки лидер ошондой эле Орусиянын Украина чек арасына аскерлерин топтошуна жооп иретинде дипломатия жана баш тарттыруучу жолду улантуунун маанилүүлүгү боюнча да бирдей пикирде экендиктерин баса белгилешти.

Ак үйдөн бир күн мурда жасалган жазуу түрүндөгү билдирүүдө, Байдендин телефон аркылуу сүйлөшкөн Орусиянын президенти Владимир Путинге Украинага экинчи жолу кийлигишүүнүн өлкөсүнө «тез жана олуттуу чыгымдарды» алып келерин эскерткени белгиленди.

Байденге АКШнын өз өлкөсүнүн эгемендүүлүгүнө көрсөткөн чексиз колдоосу үчүн ыраазычылык билдирген Владимир Зеленский болсо, өлкөсүнүн коопсуздугу болбостон Европанын коопсуздугу болбой турганын билдирди.

Зеленский АКШ менен коргонуу тармагындагы жигердүү кызматташууну жогору баалап: «Биз азырынча НАТОго мүчө эмеспиз. Андыктан күчтүү украин армиясы гана өлкөбүздүн коопсуздугунун кепилдиги»-деди.

Байденди Украинага чакырган Зеленский, Байдендин Киевге сапарынын күчтүү сигнал болорун жана чыңалуунун азайышына салым кошоорун белгиледи.



Тектеш кабарлар