Шольц Орусия-Украина чыңалуусун Европанын тынчтыгына өтө олуттуу коркунуч катары көрөрүн билдирди

Украинадан кийин Орусияга бара турганын белгилеген Олаф Шольц:«Эки учурда тең биз Европада тынчтыкты кантип камсыз кыла ала тургандыгыбыз жөнүндө сүйлөшөбүз»,-деди.

1778293
Шольц Орусия-Украина чыңалуусун Европанын тынчтыгына өтө олуттуу коркунуч катары көрөрүн билдирди

Германиянын канцлери Олаф Шольц Орусия менен Украинанын ортосундагы чыңалууну Европанын тынчтыгына өтө олуттуу коркунуч катары көрөрүн билдирди.

Шольц борбор калаа Берлиндеги билдирүүсүндө сөз болуп жаткан чыңалуунун «Европадагы тынчтыкка абдан, абдан олуттуу коркунуч» экенин баса белгилеп, эгер Орусия Украинага каршы анын аймактык бүтүндүгүн жана эгемендигин коркунучка салган аскерий чабуул жасаса бул өзү менен кошо катаал реакциялар жана санкцияларды алып келээрин эскертти.

Украинадан кийин Орусияга бара турганын белгилеген Олаф Шольц:«Эки учурда тең биз Европада тынчтыкты кантип камсыз кыла ала тургандыгыбыз жөнүндө сүйлөшөбүз»,-деди.

Немис лидери кризистен чыгуунун жолун табуу үчүн түрдүү эл аралык талкуу форматтарын колдонуу керектигин баса белгиледи.

«Украина мурдагыдай эле керектүү тилектештикти көрсөтөрүбүзгө ишенсе болот»,- деп айткан  Шольц Украинага экономикалык жардам жагынан эң көп колдоо көрсөткөн өлкөнүн Германия болгонуна көңүл бурду.

Шольц: «Биз муну улантабыз»,-деди.



Тектеш кабарлар